Акыйкатчы аппараты мектептерде ата-энелер фондунун болушун колдойт. Себеби алар канча каражат чогултарын өздөрү чечет. Мажбурлап акча чогултуу жок. Айрымдарына жеңилдиктер каралган. Мамлекеттин абалын эске алсак, фонддун каражаты мектептеги бир топ маселелерди чечүүгө жардам берип жатат. Бул тууралуу Гүлзина Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Акыйкат институтунун 115 номериндеги шыр байланыш кызматына былтыр окуучулардын ата-энелеринен акча каражатын мыйзамсыз чогултуу боюнча 500дөй билдирүү түшкөн.
"Акыйкатчы институту адамдардын укуктарын парламенттик көзөмөлдө коргойбуз. Акыркы учурда мектептеги акча чогултуулар боюнча арыздар көп түшө баштады. Кайрылган адамдын ким экенин текшере келгенде башка эле бир адамдын атын айтып койгон болуп чыгууда. Мындайча айтканда, ата-энелер анонимдүү бойдон калгысы келет. Негизи коркпостон, ачык-айкын айтып кайрылышса, алардын укуктарын коргоо үчүн тийиштүү аракеттерди көрмөк элек. Ал эми фонд тууралуу айтсам, Бишкек шаарындагы бир мектептин директорунун аялы ата-энелер фондунун төрайымы экен. Бул моралдык жактан караганда туура эмес. Мына ушундай нерселерге жол берилбеши керек. Андан тышкары, ачык-айкындуулук болушу үчүн фонд мүчөлөрүнүн 50-70 пайызы жыл сайын алмашып турушу керек", — деди Бообекова.
Ал ошондой эле нааразычылыгын айткан ата-энени фондго мүчө кылып кошуу керектигин кошумчалады.