Бишкекте жол кырсыктарын тергеген жетекчи пара алып кармалды

Берилген маалыматтар боюнча, тергөөчү 1000 доллар пара талап кылган деп шектелип жатат. Анын 30 миң сомун алып жатканда колго түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкек ШИИБдин Жол кырсыктары боюнча тергөө кызматынын начальниги М.О. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, тергөөчү эки ай мурда борбор калаада болгон жол кырсыгы боюнча ишти кыскартуу үчүн акча талап кылган. 

Бишкекте жол кырсыктарын тергеген жетекчи пара алып кармалды
"Авариянын айыпкери жабырлануучунун чыгымдарын төлөп берип, ал тосмо арыз жазган. Бирок ага карабай тергөөчү күнөөкөрдөн акча опузалаган. Ал 30 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү", — деп айтылат маалыматта.

Милиционер бүгүн, 12-декабрда, кечке жуук кармалган, анын кабинети тинтүүгө алынды. Кармоо иш-чараларын Финпол менен ИИМдин Ички иликтөө кызматы жүргүзгөн.