БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмирлигине болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси аталган мамлекетке Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заед аль-Нахайяндын чакыруусу менен 11-декабрда жөнөп кеткен. Жээнбековду БАЭ салтанаттуу тосуп алган.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
— КР өкмөтү менен БАЭ өкмөтүнүн ортосундагы маданият чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө;
— КР өкмөтү менен БАЭ өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;
— КР жана БАЭнин ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим;
— КР Билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭ Билим министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;
— Кыргызстандын Ислам академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө;
— КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана БАЭ Кызыл жарым ай коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө.