Матраимовдордун үй-бүлөсү бир катар ЖМКны сотко берип, 60 млн. сом талап кылды

Ар-намысын коргоп берүүнү сурап Райым жана Искендер Матраимовдор жубайлары менен кошо сотко арыз жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Матраимовдордун үй-бүлөсү бир катар ЖМКларды жана журналист Али Токтакуновду сотко берди. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди.

УКМК "Азаттыктын" журналисттерин суракка келүүсүн суранды
Атап айтканда, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, жубайы Минавар Жумаева, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов, жубайы Уулкан Тургунова жана "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду Свердлов райондук сотуна арыз жазган.

Анда доогерлер "Азаттык" радиосу, "Клооп" басылмасы жана "24kg" маалымат агенттигинен, ошондой эле журналист Али Токтакуновдон моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранып, ар намысын жана кызматтык репутациясын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Матраимовдордун койгон доосунун жалпы суммасы 60 миллион сомду түздү.

Арызды караган сот журналист менен ЖМКлардын эсебиндеги каражатты камакка алуу чечимин чыгарган. Алар төмөндөгүдөй:

  • "Азаттык" радиосу — 22,5 миллион сом;
  • "24.кg" маалымат агенттиги — 15 миллион сом;
  • "Клооп" басылмасы — 12,5 миллион сом;
  • Али Токтакунов — 10 миллион сом.

Искендер Матраимов Финполдун башчысын жарга такады
Жогоруда аталган иш 9-декабрда судья Жылдыз Ибраимованын карамагына алынган. Ал эми 10-декабрда соттук өндүрүшкө алынып, алгачкы жараян 19-декабрь саат 14.00гө белгиленген.

Бишкек шаардык соту чечимге макул болбогон тарап жогорку инстанцияга кайрылууга укуктуу экенин белгилейт.

Ошондой эле Жарандык-процессуалдык кодекстин 144-беренесине ылайык, даттанууда суралган жана соттук чыгымдарга жумшоого керектелчү суммадагы каражат же мүлк камакка алынары кошумчаланды.