Nord Stream 2. Бундестаг АКШга "багынып бергенин" жар салды

"Түндүк агым - 2" долбоору Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин өтүүчү газ түтүктөрүнүн курулушун шарттайт. Жалпы кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метрди түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Германия өкмөтү "Түндүк агым - 2" долбоорунун айланасындагы кырдаалга байланыштуу АКШга "багынып бергенин" жар салды. Мындай пикирин бундестагдагы "Германия үчүн альтернатива" фракциясынын расмий өкүлү Штеффен Котре РИА Новости агенттигине маек куруп жатып айтты.

Депутаттын пикиринде, "Түндүк агым - 2" Германиянын энергетика жаатындагы коопсуздугун камсыздоодо чоң мааниге ээ, мындан улам долбоордун ишке ашуусуна тоскоолдук жаратуу аракеттерине Ангела Меркелдин өкмөтү болуп көрбөгөндөй каршылык көрсөтүшү керек эле.

"2018-жылы Меркель айым "Түндүк агым - 2" Германия менен Россиянын ортосундагы экономикалык долбоор экенин так айткан. Ага Евробиримдиктин мыйзамы иштебейт. Эми АКШ аталган долбоорду олку-солку болуп турган Украина менен байланыштырып жиберүүгө жетишти. Ал олку-солкулукту АКШ өзү жаратканын да айта кетели. Американын басымы алдында федералдык өкмөт экономикалык чабуулдун мизин кайтара албай багынып берди", — деди депутат.

Котренин айтымында, Меркель башында турган өкмөт "мындан ары Германиянын кызыкчылыгын көздөө тургай коргоого да алсыз". Ал Украинадагы стабилдүүлүктүн "башка экономикалык долбоорлорго эч тиешеси жок" экенин кошумчалады.

"Түндүк агым - 2"

Акыл-эс кайда? АКШ сенаты РФти "террорчулукка демөөрчү" болгон өлкөлөргө кошту
"Түндүк агым - 2" долбоору Россиядан Балтика деңизи аркылуу Германияга чейин өтүүчү газ түтүктөрүнүн курулушун шарттайт. Жалпы кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метрди түзөт. 2019-жылы курулуш аягына чыгары айтылган. Түтүк Россия, Финляндия, Швеция, Дания жана Германиянын экономикалык аймагы аркылуу өтөт.

"Түндүк агым - 2" долбооруна россиялык газдын транзитинен кол жууп калуудан корккон Украина, мындан тышкары, бир катар европалык өлкөлөр каршы. Алардын катарында Польша, Латвия, Литва жана Евробиримдикке суюлтулган газын саткан АКШ бар. Алар аталган долбоорду саясий өңүттөгү кадам деп атап, Европанын энергетика жаатындагы коопсуздугуна коркунуч туудурат деп келишет. Россия буга чейин бир нече ирет долбоор толугу менен коммерциялык мүнөзгө ээ экенин белгилеп, россиялык газдын Украина аркылуу Евробиримдикке өтүүсүнө тоскоолдук жаратпай турганын көзгө сайып көрсөтүп келет.