Сапар Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед аль-Нахайяндын чакыруусу менен болду.
Эки тараптуу жолугушуунун алкагында саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланмакчы.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, маданият, туризм тармактарында, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюлары күтүлүүдө.
Жээнбеков БАЭнин Соода-өнөр жай палатасынын, ири компаниялардын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугат. Соода-экономикалык жана инвестиция чөйрөлөрүндө эки тараптуу өз ара кызматташууну өркүндөтүү маселелери талкууланат. Ошону менен бирге "Зайед" фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус аль-Амери жана БАЭде убактылуу жашап жаткан мекендештер менен жолукмакчы.