ИИМ унаага тагылчу жасалма номер кантип аныкталарын айтты

ИИМ жасалма номерлерди тартип коргоо органдары эле эмес, жай жарандар да колдонорун билдирди. Андан сырткары, мындай номерлерди аныктоо жолдорун да айтып беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. "Коопсуз шаар" системасында издөө салынган 7 000 жасалма номер бар. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов билдирди.

Машинага жасалма номер таккандарга 30 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн
ИИМ жетекчисинин орун басары Алмаз Орозалиев жасалма номерди тартип коргоо органдарынын ыкчам кызматтары эле эмес, жөнөкөй жай жарандар да колдонорун акыркы окуялар көрсөткөндүгүн айтты. Ал тартип сакчыларынын андай номерлери атайын базада сакталарын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жасалма номерлер кантип аныкталарын сурады.

Саркуловдун айтымында, эгерде жол эрежеси бузулса, тагылып жүргөн номер базада болбосо, ал изделген системага киргизилип, андан соң милиция кызматкерлерине кабарланат.

"Буга чейин мындай ыкма менен жүргөн 800 киши табылгандыгын айткансыз. Мейли жарымы деп коелучу, ошондо деле көп айдоочу жасалма номер колдонот экен да", — деди депутат.

Саркулов учурда алардын саны 7000ге чамалап барарын айтты.

"Учурда "Коопсуз шаар" системасында жасалма 7000 номер издөөдө, негизи 850сү табылган", — деп жооп берди Саркулов.

Депутаттын андай номерлерди жол кырсыгы болгон учурда гана издешеби деген суроосуна ал "ооба" деп жооп берди.