БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik.Twitter социалдык тармагы өзүнүн блогунда узап бараткан жылы кайсы темалар көбүрөөк талкууланганын тизмектеди.
Эң көп талкууланган он жаңылыктын ичине Brexit (Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышы) процесси, Япониядагы эң күчтүү делген Хагибис тайфуну, Амазониядагы өрттөр, Гонконгдогу нааразычылыктар, климаттык протесттер, Жаңы Зеландиядагы теракт жана АКШдагы демократтардын шайлоого чейинки дебаттары кирген.
Ал эми 2019-жылы көп талкууланган сериал катары "Игра престолов" эсептелген. Кийинки орундарда америкалык сериалдар "Очень странные дела" (Stranger Things), "Симпсоны" жана "Мстители: Финал" турганын көрүүгө болот.
Интернет колдонуучулар актерлордон америкалык Том Холланд, Крис Эванс жана Зендаяны, ал эми ырчылардан түштүк кореялык BTS тобун, америкалык ырчы Ариана Гранде менен рэпер Дрейкти сөз кылышкан.