Россиянын кээ бир аймактары 31-декабрда эс алат

Жаңы жыл күнү Россиянын айрым облустары эс алат. Эми Владимир Путинге жылдын акыркы күнүн өлкө боюнча дем алыш деп жарыялоо сунушу түштү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Россиянын жети аймагында 2019-жылдын 31-декабры эс алуу күнү деп жарыяланганын РИА Новости жазды.

Адам укуктары боюнча кеңештин өкүлдөрү Владимир Путинге жылдын акыркы күнүн өлкө боюнча дем алыш деп жарыялоо сунушун беришти.

"Азыр декабрь ортолоп, жаңы жылдык майрамдар чукулдап калды. 31-декабрь күнүн эмне кылабыз билбейм, чечим чыгарууга убакыт абдан аз, бирок мен бардыгынын оюн уктум", — деген президент.

Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен эс алат
Instagram социалдык тармагындагы сурамжылоонун жыйынтыгын эске алуу менен Россиянын айрым аймактарында 31-декабрь эс алуу күнү катары жарыяланды. Маселен, Псков облусунун губернатору сурамжылоо жүргүзүп, анын колдонуучуларынын 92 пайызы "ооба" деп жооп берген. Ушундай эле сунушту Киров облусунун губернатору киргизген. Тенденцияны Томск облусу да улап, башчысы мындай чечимди "айымдар үчүн" кабыл алганын айткан.

Кыргызстанда азырынча 31-декабрь иш күнү болобу же жокпу, айтыла элек.