Нарында ири логистикалык борбор курула баштады. Сүрөттөр

Долбоор кыргыз-кытай мамлекеттеринин достук мамилесинин натыйжасында жүзөгө ашырылууда. Анын алкагында 10 миң жумушчу орун түзүлөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы "Ат-Башы" индустриялык соода логистикалык борборунун пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Абылгазиев инвестициянын келиши айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөрүн белгилеген.

"Логистикалык борбордун курулушу – Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, анын 90 пайызы биздин жарандарга берилет", — деди өкмөт башчы.

Анын айтымында, долбоор кыргыз-кытай мамлекеттеринин достук мамилесинин натыйжасында жүзөгө ашырылууда. Абылгазиев 2019-жылдын 9 айында ата мекендик продукциянын экспорттук көрсөткүчү 11 пайызга жогорулап, импорт 9 пайызга төмөндөгөнүн кошумчалады.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.