Автомашиналарды техникалык кароодон өткөрүүнү кайрадан киргизүүнү сунуштап жатабыз. Бул тууралуу Камел Султанмуратов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сунуш борбор калаанын абасынын булганышын азайтуу максатында берилип жатат.
"2012-жылга чейин автоунааларды экологиялык нормаларга туура келер-келбесин текшерип турчубуз. Бирок коррупцияга жол ачууда деген жүйө менен бул мыйзам иштебей калган. Учурда жеңил автомашиналардын ээлери кааласа техникалык кароодон унаасын өткөрсө болот, эгер өткөргүсү келбесе, мамлекет милдеттендире албайт. Бирок соңку жылдары борбор калаанын абасынын булганышынын башкы себеби катары автомашиналардан чыккан түтүн айтылууда. Демек биз бул эрежени кайрадан киргизишибиз керек", — деди Султанмуратов.
Ал борбор калаа аркылуу болжол менен күнүнө 50-60 миң автокөлүк өтөрүн кошумчалады.