Министрдин орун басары: чуу жараткан унаанын Мамкаттоо жетекчисине тиешеси жок

Буга чейин "Коопсуз шаардын" камераларына жол эрежесин бузганы үчүн тартылып калган машинанын сүрөтү социалдык тармактарга тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте жасалма номерди бир нече автоунаага тагып алып, жол эрежесин бузган киши прокуратуранын кызматкери эмес, ал катардагы эле жаран. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Бүгүн парламент "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эреже бузуулар жөнүндө кодекске, Жоруктар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын бириктирилген долбоорун экинчи окууда карашты.

Орозалиев жасалма номер тагып алып жүргөн айдоочунун кармалганын айтты.

"Биз ал айдоочуну таптык, номерин алдык. Ал прокуратуранын кызматкери эмес, катардагы эле жаран. Автоунаа ташып иштейт. Ага карата Эреже бузуулар кодекси боюнча айып салынып, жеке маалыматтардын чыгып кетиши боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлдү", — деди ал.

Машинага жасалма номер таккандарга 30 миң сомго чейин айып салынышы мүмкүн
Буга чейин соцтармактарга ак түстөгү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эреже бузганы боюнча "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган сүрөтү жарыяланган. Ал машинанын номери жасалма экени айтылып, ошол эле номер бир нече автоунаага тагылганы белгилүү болгон. Айрым ЖМКлар айдоочусу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов экенин, кээ бирлери прокуратура кызматкери болгонун жазышкан.

Бирок ЖКККББ рулда 22 жаштагы Н.Т. болгонун маалымдап, анын кармалганын билдиришкен.