Бишкекте үч жеңил унаа менен троллейбус кагышты. Сүрөт

Жол кырсыгы бүгүн, 11-декабрда, Байтик баатыр көчөсүндө болгон. Окуя болгон жерден эч ким жабыркаган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкекте троллейбус катышкан жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары жазып, сүрөтүн жарыялашты.

Кадрдан көрүнүп тургандай, жабыркаган автобус менен унаа бир багытты көздөй бара жаткан. 

Бишкекте үч жеңил унаа менен троллейбус кагышты. Сүрөт

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жол кырсыгы Байтик баатыр көчөсүндө, "Юбилейный" аялдамасына жакын жерде болгон. Окуянын кесепетинен үч машина менен троллейбус жабыркаган. Жаракат алгандар жок.