Бишкек: ар кыл дин уюмдарынын өкүлдөрү боз үй тигип, мастер-класс өтөт

Максат — диний уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана коомчулук ортосунда диалог курууга, өз ара байланышта иштөөгө аянтча түзүү.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Борбор калаада бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышкан "Жаныңдагы адамга кулак сал" деп аталган фестиваль-көргөзмөдө (ConFest) жарандарга мастер-класс өткөрүлөт. Алар биргелешип үй тигип, тынчтык жана ынтымак туурасында айтып беришет. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан кабарлашты.

ConFest Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын колдоосунда иш жүргүзүп жаткан 16 диний уюмдун өкүлдөрүнөн турган Кыргызстан конфессиялар аралык кеңешинин мүчөлөрүн топтойт.

"Иш-чаранын максаты — диний уюмдардын, мамлекеттик органдардын жана коомчулук ортосунда диалог курууга, өз ара байланышта иштөөгө аянтча түзүү", — деп айтылат маалыматта.

Көргөзмөгө шаар тургундары дагы катыша алат. Аларга ар бир уюмдун социалдык иштеринин өзгөчөлүктөрү жана спецификасы жөнүндө кененирээк маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.