Окумуштуулар кээде ууртап-татып туруу керек деген пикирди жокко чыгарышты

Илимпоздор япониядагы 33 ооруканада рак илдетине каршы дарыланып жаткан бейтаптарга жана дени сак ыктыярчыларга изилдөө жүргүзүп, канча убакта бир ууртап-татып коё турганын сурашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Адамдын ден соолугу үчүн пайдалуу болгон алкоголдун өлчөмү жок. Керек болсо аз гана көлөмдөгү спирт ичимдиги рак илдети менен ооруп калуу коркунучун пайда кылат. Мындай жыйынтык япон-америка окумуштууларынын биргелешкен изилдөөсүндө айтыларын MedicalXpress басылмасы жазды.

Аракечтикке каршы күрөшүүнүн жолу табылды
Илимпоздор япониядагы 33 ооруканада рак илдетине каршы дарыланып жаткан бейтаптарга жана дени сак ыктыярчыларга изилдөө жүргүзүп, канча убакта бир ууртап-татып коё турганын сурашкан.

Аракты оозуна албагандарда рак дартынын оор формасына чалдыгуу ыктымалдуулугу өтө төмөн болгон. Ал эми ууртап-татып жүргөндөрдө дарттын оор түрү менен ооруп калуу коркунучу 5 пайызга жогорулаган.