Убалга калган төрт жыл. WADA чечиминин өзөгүндө эмне бар? Видео

WADA Россияны эл аралык спорттук мелдештерге катышуу укугунан төрт жылга чейин ажыратып койду.
Sputnik

Бул аралыкта спортчулар Олимпиада, Паралимпиада жана башка мелдештерде күч сынаша албайт. Россиянын дагы эл аралык мелдештерди өткөрүү укугу жок. Анткен менен WADA жетекчиси Крэйг Рид тазалыгын далилдей алган спортчулар мелдештерге катыша турганын айтты.

Ал эми Россия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев буга чейин жазаланган спортчуларга карата мындай чечимди Россияга каршы албууттануу катары баалады.

Жакшы жери WADA чечими футбол боюнча Европа чемпионатына таасир эте албайт. Ошондой эле Россия футболчулары УЕФАнын 2021-жылдагы Чемпиондор лигасына катышса болот.