Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков көз жумду

Аткаминердин Мюнхендеги (Германия) ооруканалардын биринде каза болгону айтылууда. Ал жерде Лужковдун жүрөгүнө операция жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Москва шаарынын мурдагы башчысы Юрий Лужков 83 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу РЕН ТВ каналы жазды.

Аткаминердин Мюнхендеги (Германия) ооруканалардын биринде каза болгону айтылууда. Ал жерде Лужковдун жүрөгүнө операция жасалган.

Юрий Лужков 1992-2010-жылдар аралыгында Москва шаарын жетектеген.