Радио

Азимов: милициянын айлыгы да мугалимдердикиндей система менен көбөйөт

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов келерки жылдын бюджетинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү каралганын айтты.
Sputnik
Азимов: милициянын айлыгы да мугалимдердикиндей система менен көбөйөт

2020-жылдан тарта милиционерлердин айлыгы 20 пайыздан 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу Алмазбек Азимов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, көбөйтүлгөн айлыкты тартип сакчылар январь айынан тарта ала башташат.

"Жаңы жылдан баштап укук коргоо тармагынын кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөт. Жетекчилик кызматтагыларга 20 пайыз, ал эми катардагы адистердин айлыгына 40 пайызга дейре кошулат. Буга кетчү кошумча каражат 2020-жылдын бюджетинде каралды", — деди Азимов.

Аткаминер келе жаткан жылдын бюджетинин көп бөлүгү жылдагыдай эле социалдык тармакка багытталгандыгын кошумчалады.