Жогорку соттун төрайымына ТЭЦ боюнча чыккан өкүм тууралуу суроо узатылды

Биринчи инстанция ТЭЦин модернизациялоо иштеринин алкагында козголгон кылмыш иштери боюнча бир нече аткаминерди эркинен ажыратты. Арасында эки мурдагы премьер бар.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши Жогорку сотко чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, аталган кылмыш иши боюнча райондук сот 6-декабрда өкүм чыгарган.

"Мен сот актылары күчүнө кирмейин эч кандай комментарий бере албайм. Конституцияда сот кайсы бир иш боюнча отчет бербейт деп жазылган", — деди ал.

Калиеванын айтымында, соттун чечимине эч убакта эки тарап тең канааттанбайт.

"Андыктан бул сөзсүз түрдө Жогору сотко чейин жетип, ал жактан чекит коюлат", — деди төрайым.

Кол булгалап, ыйлап... Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин сотунан видео
Эске салсак, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков мал-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал эми дагы бир экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиевдин да мал-мүлкү камакка алынып, 7,5 жылга кесилди. Ошондой эле Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев 15 жылга, "Электр станциялары" ААКтын мурдагы башчысы Салайдин Авазов 11,3 жылга кесилип, болгон мал-мүлкү камакка алынды.

Сот ошол эле учурда төрт кишини сот залынан бошотту. Алар: ТЭЦти модернизациялоо тобунун башчысы Темирлан Бримкулов (2,5 жыл эркинен ажыратылган), экс-каржы министри Ольга Лаврова (3 миллион сом айып), Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев (5 миллион сом айып), "Электр станциялары" ААКтын төрагасынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров (2,5 жыл эркинен ажыратылган).

Бошотулгандардын убактылуу кармоо жайындагы мөөнөтү эске алынган (Жаңы кодекс боюнча бир жыл эки жыл деп эсептелет).