Кыргызстандын түштүгүндө 4 баллга жеткен жер титирөө болду

Жердин силкинүүсү кечээ, 8-декабрда, саат 23.40тар чамасында катталды. Очогу Ош шаарынан түштүк-батышты көздөй 130 чакырым жана Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышты көздөй 20 чакырым алыс жайгашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Ош облусунда эпицентрдеги күчү төрт баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жердин силкинүүсү кечээ, 8-декабрда, саат 23.40тар чамасында катталды. Очогу Ош шаарынан түштүк-батышты көздөй 130 чакырым жана Жар-Башы айылынан түштүк-чыгышты көздөй 20 чакырым алыс жайгашкан.

Кара-Шыбак, Жар-Башы, Шибе, Гүлчө айылдарында жердин титирөөсү 2,5 баллга жетти.