Радио

Алмамбетова: жаңы жылга карата Бишкек мэриясы акция уюштурууда

Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова быйыл жаңы жылга карата эстафета жарыялашканын айтты.
Sputnik
Алмамбетова: жаңы жылга карата Бишкек мэриясы акция уюштурууда

Бул жылы биз шаар тургундарын тамыры менен балаты сатып алып жаңы жылды тосууга чакырабыз. Себеби аны бишкектиктер кайра каалаган жерге отургузуп койсо, жашылдандырууга салым кошкон болот. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тикенектүү бакты отургузууга төрт райондун агрономдору жана "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы жардам берет.

"Биз дайыма тургундар шаарга пайда алып келүүсү үчүн түрдүү демилгелерди алып чыгып турабыз. Мисалы, айдоочуларды күн суукта же өтө кеч убакта жөө адамдарды ала кетүүгө, шаар тургундарын калаабызды жашылдандырууга активдүү катышуусуна чакырып келебиз. Быйыл дагы жаңы жылга карата жакшы бир эстафета кылалы дедик. Ар бир үйдө жасалма балаты коюлат. Ал эми бул жылы Крым же Тянь-Шань карагайын, ошондой эле арча багын сатып алып, аны майрамга карата кооздоп, жаңы жылды тосуп алгандан кийин көп кабаттуу үйдө жашасаңыздар анын алдына же шаардын каалаган жерине отургузуп койсоңуздар жакшы белек болот. Дал ушул январь айынын аягына чейин балаты тигүү маалы. Шаар бийлиги тургундарды мына ушундай кадамдарга чакырган акция уюштурду", — деди Алмамбетова.

Ал карагайларды балаты базарчасынан, жеке ишканалардан сатып алса болорун кошумчалады.