Бюджеттин чыгашасы 2 млрд. сомго кыскарды. Кайсы тармактын акчасы кертилет?

Дефицитти азайтуу үчүн транспорт, айыл чарба жана башка социалдык секторлорго каралган долбоорлор кыскартылат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Республикалык бюджеттин дефицити 2 миллиард сомго азайды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

2020-жылы Кыргызстанда эмнелер курулат? Өкмөттүн убадалары
Белгилей кетсек, буга чейин парламенттин маалымат кызматы бюджеттин кирешеси 163 миллиард 610 миллион сом, чыгашасы 173 миллиард 663 миллион сом деп кабыл алынганын билдирген. Мындайча айтканда, дефицит 9 миллиард 953 миллион сомду түзгөн.

Токтошевдин айтымында, мыйзам долбоорду экинчи окууга алып чыкканда өзгөртүүлөр киргизилип, бюджеттин чыгашасы 2 миллиард сомго кыскартылып, дефицит 7 миллиард 953 миллион сом болгон.

"Бюджеттин мыйзам долбоорун парламентке алып келгенде депутаттар чет өлкөдөн алган насыя, гранттарды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго иштетүүнү сунуштаган. Мындан улам социалдык секторго жумшала турган каражаттын суммасы кыскартылды. Ошондой эле мамлекеттин карызы өсүп жатканына элдин тынчсыздануусун эске алып, сырттан азыраак насыя алууну сунуштадык", — деди Токтошев.

Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов мунун натыйжасында транспорт, айыл чарба жана башка секторлорго каралган долбоорлор кыскартылганын билдирди.

Жаңыланган долбоор 12-декабрда президентке жөнөтүлгөндөн кийин коомчулукка жарыяланат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.