Эки аяктаган илбирс, таңыркаган карышкыр. Фотокапканга түшкөн тоо жаныбарлары

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында өлкөдөгү эки корукка сегиз фотокапкан орнотулган. Жыйынтыгы кубандырат, кадрлардан жапайы жаныбарлардын дээрлик бардык түрүн көрүүгө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын коргоого алынган жаратылыш коруктарында сейрек кездешкен жаныбарлар менен куштардын саны көбөйгөнү байкалды. Буга Чоң Алай районундагы "Миң-Теке" менен "Бек-Тосот" коомдук бирикмелеринин аймагындагы фотокапканга түшүп калган кадрлар далил.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришкендей, 2019-жылы жай айларында Миң-Теке менен Бек-Тосотко сегиз фотокапкан орнотулган.

"Жыйынтыгына таң калдык. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, аймакта жапайы жаныбарлардын дээрлик бардык түрү бар экен. 15 жыл мурда ак илбирс жок болуп кетүү коркунучунда болсо, азыр бул жаныбар кайра кайтып келди деп сыймыктануу менен айтсак болот", — дешти агенттиктен.

Адистер жергиликтүү тургундарга жан-жаныбарларга аяр мамиле жасоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.