Бишкектеги башкы балатынын оту качан жанат?

Балатынын бийиктиги 27 метр болот. Долбоорго ылайык, балаты белек сыяктуу кооздолуп, кызыл тасма менен шөкөттөлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. - Sputnik. "Ала-Тоо" аянтындагы  башкы балатынын оту 13-декабрда саат 19:00дө жанат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары, майрам шаардагы радиостанциялардын биринин жардамы менен өтөт.

Балатынын бийиктиги 27 метр, диаметри 12 метр болот. Ал аянттын жалпы шөкөттөлүшүнө шайкеш келет.

Ошондой эле аянтка "2020" деген көлөмдүү шарлар жана чана сыяктуу бир катар инсталляциялар орнотулат.