Шашылыш билдирүү! Үч саат аралыгында Бишкек менен Чүйгө туман түшөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды сак болууга чакырды. Ведомстводон билдиришкендей, көрүү аралыгы 500 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым аймактарына туман түшөт.

Маалыматка караганда, көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин жетет.

Ведомство көчөдө жүргөн адамдар менен айдоочуларды сак болууга чакырат.