Бишкекте ок атылып, машиналар жабыркады. Сүрөт

Шаардык милиция Бишкек шаарынын батыш тарабындагы окуя боюнча жеринде ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. - Sputnik. Күбөлөрдүн айтымында, Бишкектеги Асаналиев менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, жеринде төрт машина жабыркаган.

Автоунаалардын терезеси талкаланып, бир автоунаа бакты сүзүп токтогон.

Окуя болгон жерде Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

Бишкекте тонолгон банк: уурулар канча акча алып кеткени айтылды
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен тартып алган сүрөттөрдө жабыркаган машиналардын биринин маңдайкы терезесинде Транспорт жана жолдор министрлигинин күбөлүгү чапталган.

Алдын ала маалымат боюнча, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чатакташа кеткен.

Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.