БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. "Аалам сулуусу — 2019" сынагынын жеңүүчүсү деп Түштүк Африка Республикасынан келген сулуу Зозибини Тунзи табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аталган сынак быйыл АКШнын Атланта шаарында өттү. Ага ар кайсы өлкөлөрдөн 79 сулуу катышты.
Финалга Зозибини Тунзиден тышкары Мексика жана Пуэрто-Рикодон келген бийкечтер чыккан.
Зозибини Тунзи 26 жашта. Быйыл "Түштүк Африка сулуусу" наамына ээ болгон.
Белгилей кетсек, бул жолку сынакка документтерди тууралоо жана виза көйгөйүнөн улам Россиядан эч ким катыша алган жок.