Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Бегимай Бакашева орто жашка барып калгандар арасындагы экинчи кесип тандоо боюнча ой-толгоосун жазды.
Бул эми бири-бирине эриш-аркак, бир тармактагы кесиптер деңизчи. Негизи Кыргызстанда 50дөн ашканда жогорку окуу жайга тапшырып, биринчи жумушуна кайнаса каны кошулбаган билимге ээ болгондор бар.
58 жаштагы Замира Калдыбаева азыр англис тилин үйрөткөн мектептин ээси. Эки жыл мурда өзү Бишкектеги окуу жайлардын биринен чет тил факультетин аяктаган. Ага чейин 20 жылдай ак халат кийип, медайым болуп иштечү.
"Айлыгым эч нерсеге жетпей 11 жыл мурда жумуштан чыгып кеткем. Дагы жакшы, жолдошум тың, оокат-жайыбыз түгөл. Үйдө студент балдарымды окуусуна узатып, тамак-аш жасап берип жылдар өттү. Азыр алар да чоң киши болуп өзү менен өзү. Бир күнү ойлонсом, эч кимге деле "керегим" жок болуп калыптыр. Үйдү жыйнап койсом, бир жума чачылбайт, бир тамак жасасам жолдошум экөөбүз үч күн жейбиз. Ошентип кайра иштейин деп чечтим. Бирок ооруканага кайткым келген жок", — дейт Калдыбаева өзү.
Ошентип ал баласынын кеңеши менен англис тилин үйрөнө баштайт. Өзүнүн айтымында, жашы өтүп калгангабы, айтор, тилди үйрөнүү өтө татаал болуптур. Анткен менен азыр эмгегинин үзүрүн көрүп, күндө эртең менен сүйүктүү жумушуна жөнөйт. Өзүнүн туруктуу кардарлары бар.
Кайсы кесиптердин күнү тууйт?
Албетте, кайсы убакта болсо дагы жан жүйнөңө жагып, жумушка майрамга бараткандай сүйүнүп барчу кесипти тандаган жакшы. Бирок замандын талабын дагы карай жүрүш керек. Мисалы, дарыгерлер же ашпозчулар керек коомдо мен балет бийчиси болом деген болбойт да, туурабы?
Ноябрь айында Россиянын Самара шаарына дүйнөнүн мен-мен деген футурологдору чогулуп, 10-15 жылдын ичинде дүйнө кайсы адистерге муктаж болорун айтышты.
Кайсылар десеңиз, келечекте молекулярдык диетолог, креативдик инженер, интернет-маркетолог, бренд-менеджер, мобилдик тиркемелердин дизайнери, web-дизайнер, санариптик иллюстратор, SEO-адис сыяктуулардын кызматына кезекке турат окшойбуз.
Ал эми Кыргызстанга бүгүнкү күндө жана келечекте маалыматтык коопсуздук, тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы, медицина, агрардык инженерия, маркетинг, курулуш тармагындагы адистер зарыл. Ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана билим берүү жаатындагы адистер ишсиз калбайт.
Сөзсүз эле атайын билим алуу керекпи?
Ал эми дарыгер, юрист же учкуч болом десеңиз, кайра баштан студент болууга туура келет.
Жети өлчөп, бир кес...
Психолог Перизат Калмаматованын баамында, жашы ортолоп калган кезде кесип алмаштыруунун тобокелчиликтери көп. Мисалы, кайра билим алуу, жаңы тармактан өзүңдү табуу чоң эмгекти талап кыларын көпчүлүк этибар албайт.
"Кээ бир кишилер акчадан кыйналып турганда же бирөөнү көрүп алып эле мен да өзгөрөм деп ойлой берет. Бирок бул нерсе бир топ акча каражатын жана убакытты талап кыларын эстен чыгарбаш керек. Анын үстүнө сиз көздөгөн жаатта атаандаштык күч болуп калышы мүмкүн. Мунун баарына даяр болуңуз", — деди Калмаматова.
Бирок ал муну менен эч кимди айныткысы келбейт. Адистин айтымында, кесип алмаштыруу канчалык оор болсо, кийин ал ошончолук ырахат тартуулайт. Анткени адам өзүнүн, балким, жалкоолугун же алсыздыгын жеңе алганын түшүнүп, өзүн мурдагыдан дагы бактылуу сезип калат. Ишеним пайда болот.
Статистика жок
Анткен менен Кыргызстанда жашы ортолоп калганда кесип алмаштыргандар боюнча статистика жок. Андыктан мынча же тигинче киши экинчи кесипке ээ болду деп айта албайбыз. Өзүмдүн жеке байкоолорума таянсам, жашоосуна мындай жаңылык киргизгиси келгендердин катарында үй кожойкелери, балдары бойго жеткен аялдар көптүк кылат.
Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн.