Россиялык муз бийчилер Италиядагы Гран-прини утуп алышты. Сүрөт

Муз үстүндө көркөмдөп бийлөө боюнча Гран-при турнирине катышкан алты кыздын төртөө россиялык болчу. Биринчи орунду алган спортчу дүйнөлүк рекорд койсо, дагы башка байге ээси секирип туруп абада төрт ирет чимирилгени менен тарыхка кирди.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россиялык Анна Щербакова, Алена Косторная жана Александра Трусова муз үстүндө көркөмдөп бийлөө боюнча Гран-приде алдыңкы орундарды жеңип алганын Р-Спорт жазды.

Чемпионат Италиянын Турин шаарында 5-8-декабрь күндөрү өттү. 

Россиялык муз бийчилер Италиядагы Гран-прини утуп алышты. Сүрөт

Александра Трусова кыска программаларды көрсөтүүнүн жыйынтыгында бешинчи орунду алган. Бирок өзгөчөлөштүрүлгөн бийде флипти төрт жолу жасаганы үчүн, башкача айтканда, секирип барып абада бир нече ирет чимирилгенине карап кошумча упай алган. Натыйжада 233,18 упай топтоо менен үчүнчү орунга татыган.

Олимпиадада медаль алган КР спортчулары 10 млн. сомго чейин алышы мүмкүн
Анна Щербакова программалардын жыйынтыгы менен үчүнчү орунду алса, өзгөчөлөнгөн бийде жогору делген 162,65 упай алып, Гран-принин финалында экинчи орунду ээлеген. Жалпысынан 240,92 упай алган. 

Ал эми Алена Косторная бардык тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу менен эң жогорку 247,59 упайды топтоп, дүйнөлүк рекорд койгон. Ага биринчи орун талашсыз берилген.

Бул ирет олимпиада чемпиону Алина Загитова бир нече каталарды кетирип алып, жалпысынан 205,23 упай алды. Натыйжада алты спортчунун ичинен акыркысы болуп калды.

Төрт россиялык спортчудан тышкары япониялык Рика Кихира менен америкалык Брэди Теннел да катышып, төртүнчү жана бешинчи орундарга илинди.