Путин-Лукашенко жолугушуусу 5,5 саатка созулду. Президенттер эмнени сүйлөштү?

1996-жылы 2-апрелде Борис Ельцин менен Александр Лукашенко Союздаш мамлекет түзүүнү максат кылган. Анда бирдиктүү саясий, экономикалык, аскерий, бажылык, валюталык, юридикалык, гуманитардык жана маданий аймак түзүү каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россия менен Белоруссиянын талаштуу маселелерди андан ары кантип алып кетүү боюнча өз ара түшүнүшүүсү бар. Бул тууралуу РФтин экономикалык өнүктүрүү боюнча министри Максим Орешкин президенттер Владимир Путин менен Александр Лукашенконун 7-ноябрдагы жолугушуусунан кийин айткандыгын РИА Новости жазды.

Анын айтымына караганда, тараптардын талаштуу деген маселелеринин саны азайды.

"Бүгүн кыйын күн болду, бирок жемиштүү иштедик. Айыл чарба, байланыш, бажы, мунай рыногун жөнгө салуу боюнча олуттуу прогресске жеттик. Ал тургай нефти жана газ маселеси боюнча тараптардын позициясы өтө жакындады , — деп белгилеген министр.

Орешкин дүйшөмбүдөн тарта Москва менен Минск сүйлөшүүлөрдө айтылган жыйынтык боюнча эксперименттик деңгээлде жол картасын түзүүнү баштаарын айткан.

"Андан соң президентке, премьер-министрге маалымдап, айтып беребиз", — деген Орешкин.

Ал Путин менен Лукашенконун кезектеги жолугушуусу Санкт-Петербургда 20-декабрга пландалып жаткандыгын кошумчалады. Ага чейин мамлекет жана өкмөт башчылар телефондон сүйлөшүп, кошумча жолугушууларды өткөрүшү мүмкүн экендигин да айтты. 

Путин-Лукашенко жолугушуусу 5,5 саатка созулду. Президенттер эмнени сүйлөштү?

Путин менен Лукашенконун сүйлөшүүлөрү

Россия менен Белоруссиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрү Сочиде өттү. Ал Союздаш мамлекетти түзүү боюнча келишимдин 20 жылдыгы алдында болду.

Иш-чараны ачып жатып Россия президенти Москва менен Минск ириде экономика жана социалдык тармакта жакындашуу иштерин улантарына үмүт артканын билдирди. Мунун жыйынтыгында адамдар артыкчылыктарга ээ болот деген ишеним да айтылды.

Ал эми Лукашенко интеграция үчүн али көп иштер жасалышы керектигин, ири алдыда ишканалар үчүн бирдей шарттарды түзүп берүү зарылдыгын айтты.

Путин-Лукашенконун жабык жолугушуусу 5,5 саатка созулду. Президенттерден сырткары премьер-министрлер - Дмитрий Медведев жана Сергей Румас, буларга кошумча эки мамлекеттин өкмөт мүчөлөрү катышты.

Союздаш мамлекет түзүү келишими

Бишкекте 6 мамлекеттин башчылары чогулуп, сүйлөшүүдө. ЖККУ саммити башталды
1996-жылы 2-апрелде президенттер Борис Ельцин менен Александр Лукашенко тарыхый документке кол койгон. Анда Россия менен Белоруссияны Союздаш мамлекет катары түзүү ниети каралган.

1998-жылы 25-декабрда президенттер атайын декларацияга кол койгон. Анда жарандардын бирдей укуктары боюнча келишим, айыл чарба субъектилерине бирдей шарт түзүү макулдашуу болгон. Келишимде бирдиктүү саясий, экономикалык, аскерий, бажылык, валюталык, юридикалык, гуманитардык жана маданий аймак түзүү каралган.