Москвада балдар үчүн "Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөйлү" аттуу клуб ачылды

Уюмду Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Агартуу билим борбору" мугалимдер ассоциациясы жана "Мир вам" тил мектеби түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. – Sputnik. Москва шаарында "Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөйлү" деп аталган кичинекейлерди окутуу клубу жана 6-7 жаштан жогорку балдар үчүн кыргыз тили сабагы боюнча курс өткөрө турган мугалимдердин уюму түзүлдү. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бакирова: чет өлкөдөгү кыргыз балдар эне тилин унутпаса дейбиз
Уюмду Москвадагы кыргыз диаспорасынын "Агартуу билим борбору" мугалимдер ассоциациясы жана "Мир вам" тил мектеби түзгөн.

"Мир вам" тил мектебинин балдарды окутуу долбоорунун биринчи баскычы "Скоро в школу" деп аталып, балдар төрт айлык окуу курсунда билим алышты. Орус тилди окутуу курстары азыркы кезде да уланууда. Ал эми "Келгиле, кыргыз тилинде сүйлөйлү" окуу курсу долбоордун экинчи баскычы", - деп айтылган маалыматта.

“Мир вам” тил мектебинин жетекчиси Р. Адышева балдарга орус тилин, кыргыз тилин үйрөтүү курсу үчүн волонтерлор – орус тили мугалимдери менен иш алып барып, курстун иштөөсү үчүн алгачкы шарттарды түзүп берүүдө элчиликтин колдоо көрсөткөндүгүн айткан.