Манастын атынан коюлган дүйнө жүзүндөгү бардык жер-суу аталыштарын иликтеп, китеп кылып чыгаруу керек. Бул үчүн атайын илимий экспедиция уюштурулса жакшы болмок. Мындай пикирин Байас Турал Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.
Анын айтымында, мындай кадамдар эпостун изилденишине илимий жактан салым кошкондон сырткары, дүйнөгө таанылуусуна жакшы шарт түзөт.
"Мисалы, Алтайда "Манас" көлү, тоосу, Тибетте "Манаслы" деген дүйнөдөгү эң бийик тоолордун бири жайгашкан. Индияда парк, дарыя аталган. Дагестанда Манас атын алып жүргөн айыл, шаарча бар экен. Бул жерлер кандайча минтип аталып калган, ким тарабынан, качан? Тарыхка кайрылсак, Грециянын Минос деген падышасы болгон. Ал азыркы Крит аралынын айланасында абдан зор империяны башкарып турган. Бул дагы тилдик өзгөчөлүктөргө туш болуп жазылып калган кадимки Манас болушу мүмкүн. Мындан сырткары, түндүк Египет менен түштүк Египетти бириктирип турган Менес деген баатыр болгон. Биз мына ушулардын баарын изилдешибиз керек", — деди Турал.
Ал улуттук академияга өлкө бийлиги тарабынан колдоо көрсөтүлүп турса "Манас" эпосун жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтууда бир топ алгылыктуу иштер аткарыларын кошумчалады.