Автобус, троллейбус көпкө келбей калса кайда кайрылуу керек? Мэриянын жообу

Коомдук транспорттун айдоочулары графиктен артта калгандыгын шаарда туура эмес токтотулган автоунаалардан улам болорун айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктар автобус, троллейбусту зарыгып күткөндө кайда кайрылуу керек деген суроого жооп беришти.

Тумандан улам Бишкекте төрт учак кармалып турат
Жүргүнчүлөр аялдамаларда көпкө туруп, коомдук транспорт келбей жаткан учурда, айдоочу орой мамиле жасап же жол эрежесин бузганда арыздана турган тараптардын телефону берилген.

Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгы — (0703) 07-57-27;

Бишкектин жүргүнчүлөр боюнча автотранспорт ишканасы (автобустардын ишин жөнгө салат) — (0555) 89-85-55;

Бишкек троллейбус башкармалыгы — (0559) 73-38-66.

Буга чейин коомдук транспорттун айдоочулары графиктен артта калгандыгын шаарда туура эмес токтотулган автоунаалардан улам болорун айтышкан эле.