Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага дагы бир айып койду

Тергөөнүн маалыматына караганда, өлкөдөгү бир канча өндүрүш ишканалары Каримовага өздөрүнүн мыйзамсыз тапкан кирешелеринин бир бөлүгүн берип турган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага дагы бир айып тагып жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Каримова азыр жазасын өтөп жаткан кылмыштуу иштерден тышкары дагы бир мыйзамсыз кадамга барганы маалым болду.

"Өлкөдөгү бир канча өндүрүш ишканалары ага мыйзамсыз тапкан кирешелеринин бир бөлүгүн берип турган. Мындан тышкары, Каримова коркутуп-үркүтүү жолу менен бир канча ишкананы өзүнө караштуу компанияга каттаттырган. Бул жолку келтирилген чыгымдын өлчөмү 165 миллион долларга жеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Башкы прокуратура дагы башка кыңыр иштердин бетин ачуу үчүн  чет элдик өнөктөштөрү менен тыгыз иштешип жатат.

Адам уурдоо, рейдерлик, оффшор... Ажолордун кылмышка аралашкан балдары
Эске салсак, Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалган. Учурда ага карата козголгон бир нече кылмыш иши тергелип жатат. 2017-жылы сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Андан соң өкүм өзгөртүлүп, 5 жылга алмаштырылган. Кызы Иман жашап жаткан жерде жазасын өтөө чечими кабыл алынып, бирок милдеттеринен кыянатчылык менен баш тартса, сот чечимин өзгөртүшү мүмкүндүгүн айткан.

Андан кийин Каримова сот койгон тартипти бузгандыгы айтылып, жалпы тартиптеги абакка которулган.

Өзбекстандын укук коргоо органдары эки кылмыш иши боюнча Гүлнара Каримова өлкөгө эки миллиард доллар чыгым келтиргенин эсептеп чыккан. Ташкент анын 12 өлкөдөгү активдерин камакка алууну демилгелеген.