Тумандан улам Бишкекте төрт учак кармалып турат

Учурда калган аба лайнерлер учуп, конуп жатат, бирок төрт учак дагы деле абага көтөрүлүүнү күтүп турат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек.  — Sputnik. Бишкек шаарында коюу тумандан улам, жүргүнчүлөрдүн төрт аба кемеси учпай калды. Бул тууралуу эл аралык "Манас" аэропортунан кабарлашты.

Стамбулга (Түркия) кете турган төрт каттам кармалып турат. Алардын  бир катарлары учурда жолго камынууда. Калган аба лайнерлер учуп  жатат.