Автоунаа күйүп кетип, 4 кыргызстандык каза тапты. Россиядагы үрөй учурган кырсык

Кыргызстандын төрт жараны ооруканага жаткырылды. Учурда маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат. Кырсык болгон жерде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен автокырсыктан төрт киши көз жумгандыгын билдиришти.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Оренбург жана Акбулак (Россия) жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Бишкекте тез жардам унаасы менен эки машина кагышты. Жабыркагандар бар. Сүрөт
Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымында минивэн Mercedes менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.

Элчилик 1990, 1984, 1995 жана 1998-жылы туулган кыргызстандыктардын каза болгондугун билдирди.

Алардын сырткары, 1991, 1987 жана 1988-жылы туулган жарандар ооруканага жаткырылган.

Учурда маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат. Кырсык болгон жерде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жүрөт.