185 миллион доллар алгандар бар. Акысы кымбат аткаруучулардын тизмеси

Forbes журналынын серепчилери алдыңкы сапка илинген ырчынын эсебиндеги акчанын көбөйүшүнө лейбл менен келишим, жарнамалык контракт жана гастролдук турлар таасир этти деп эсептешет.
Sputnik

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik.Forbes журналынын "Дүйнөдөгү эң көп акы алган музыкант" тизмесинин алдыңкы сабына америкалык ырчы Тейлор Свифт илинди. 2019-жылы анын эсебине 185 миллион доллар которулган.

Shazam 2019-жылдагы эң популярдуу ырларды аныктады
Forbes журналынын серепчилери ырчынын эсебиндеги акчанын көбөйүшүнө лейбл менен келишим, жарнамалык контракт жана гастролдук турлар таасир этти деп эсептешет.

Рейтингдин экинчи сабына рэпер Канье Уэст илинген. Ал өтүп бараткан жылы 150 миллион доллар иштеп тапкан. Үчүнчү орунду британ аткаруучусу Эд Ширан алган. Ал 2019-жылы 110 миллион долларга ээ болгон.

The Eagles рок тобу 100 миллион доллар, британ музыканты Элтон Жон 84 миллион доллар, Jay-Z жана анын жубайы Бейонсе 81 миллион доллар иштеп тапкан.