Сокулук милициясынын башчысы жол кырсыгына кабылды

Кырсык 7-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 4.00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бүгүн, 7-декабрда, Сокулук РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Максат Чойбеков жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Кырсык 7-ноябрь күнү болжол менен таңкы саат 4.00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында болгон. Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышкан.

Кырсыктан микроавтобустун айдоочусу ар кандай жаракат алып, Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген. Ал эми РИИБ башчысы медпунктуга көрүнүп, үйүнө жиберилген.

Сокулук райондук ИИБдин башчысы мас абалында болгон-болбогонун Ысык-Ата районунун тергөө органдары иликтейт.