Шашылыш билдирүү! Бир саат аралыгында Бишкек менен Чүйгө коюу туман түшөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды сак болууга чакырды. Ведомстводон билдиришкендей, көрүү аралыгы 200 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жакынкы бир саат аралыгында Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым аймактарында туман түшөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көрүүнүн аралыгы 200 метрге чейин жетет.

Ведомство көчөдө жүргөн жөө адамдар менен айдоочуларды сак болууга чакырат.