Бишкек мэриясы жаңы жылга мыкты жасалгаланган имараттарды аныктайт

Конкурска райондук администрация, министрликтер, мекемелер, жеке ишканалар жана башка объектилер катыша алат. Жыйынтыгы январда чыкмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардагы имараттардын жана айланасынын жаңы жылдык жасалгасына сынак жарыялаганын шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак жаңы жылдык маанайды тартуулоо жана борборду кооздогондорду колдоо максатында уюштурулуп жатат.

Конкурска райондук администрация, министрликтер, мекемелер, жеке ишканалар жана башка объектилер катыша алат. Жыйынтыгы январда чыгары айтылды.

Сынак төмөнкү номинациялар боюнча жүргүзүлөт:

Райондордун жаңы жылдык мыкты жасалгасы. Биринчи орун — 60 миң, экинчи орун — 40 миң, үчүнчү жана төртүнчү орун — 40 миң сом;

Бишкектеги жаңы конуштардын жаңы жылдык мыкты жасалгасы. 50 миңден төрт премия каралган;

Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен эс алат
Короо ичин жаңы жылга мыкты жасалгалагандар. 40 миң сомдон төрт номинация бар;

Министрликтердин имараты менен административдик мекемелердин аймагынын мыкты жасалгаланышы. Биринчи орун — 50 миң сом, экинчи орун — 40 миң сом, үчүнчү орун — 30 миң сом;

Башка объектилердин жасалгаланышы. Биринчи орун — 70 миң сом, экинчи орун — 50 миң сом, үчүнчү орун — 30 миң сом.

Мындан тышкары, дагы бир сынак бар. Каалоочулар жеке же коллективдик видео куттуктоо жаздырып, анда "Жаңы жылың менен, менин сүйүктүү шаарым" деп айтышы керек. Роликти 31-декабрга чейин konkurs@meria.kg почтасына жөнөтүү зарыл. Жыйынтыгында 30 адамга беш миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык берилет. Ошондой эле атайын байге каралган.