Жүз жыл мурун кыргыздар кандай эле. Уникалдуу 11 сүрөт

Sputnik

Анда жүз жыл мурдагы кыргыздардын жашоосу, кийингени жана турмуш-тиричилиги тартылган. Бул сүрөттөрдү ХХ кылымдын башында немец изилдөөчү Готфрид Мерцбахер Борбор Азияга болгон саякаты учурунда тартып алган.

 

1 / 11
Немец саякатчысы Готфрид Мерцбахер Кыргызстанга 1902-жылы келген
2 / 11
Ал Хан-Теңир чокусун изилдөө максатында келген. Учурда бул тоо Кыргызстандагы эң бийик чокулардын арасында үчүнчү орунда турат.
3 / 11
Саякатчыга сапар учурунда жигиттер жардам берген. Ал мемуарында ага кол сунган жергиликтүү кишилерди ушинтип атаган.
4 / 11
Мерцбахер кыргыздар жүн жана териден жасалган буюмдарды сатарын да жазып калтырган
5 / 11
Сүрөттөрүндө боз үйлөрдү, кийизден жасалган буюмдарды тарткан. Бирок, эң башкысы, кишилерди тартууга басым жасаган.
6 / 11
Готфрид Мерцбахер мүнүшкөрлөрдү да тартууга жетишкен
7 / 11
Сүрөттү карап туруп ал өлкөнүн түндүгүнөн тартылганын боолголоого болот. Өлкөнүн бул аймагында жашаган аялдар дал ушундай элечек кийген.
8 / 11
Тартылган сүрөттөрдүн көбү экспедициянын мүчөлөрү тоо сууларынан өтүп баратканда жарабай калган. Пленка салынган атайын темир кутуга суу кирип кеткен.
9 / 11
Немец саякатчысы өзбек базарына барууга да жетишкен
10 / 11
Мерцбахер Хан-Теңир тоосунун түбүнө чейин келген
11 / 11
Готфрид Мерцбахер Хан-Теңир тоосун биринчилерден болуп сүрөткө тарткан