Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга кесилди

Мамлекеттик айыптоочулар алгач мурдагы өкмөт башчыны 11 жыл 3 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция иштерине байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.

"Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7,5 жылга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин", — деп айтылат өкүмдө.

Сот Сапар Исаковду 15 жылга кести
Мамлекеттик айыптоочулар алгач Сатыбалдиевди 11 жыл 3 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоону сунуштаган.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктаганын билдирген. Натыйжада Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып, TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнү аныкталган.