Керемет, кудум жомоктогудай! Түндүк жаркырагынын видео, сүрөтү

Россиялыктар түндүк уюл шооласын сентябрдан тарта аңдый башташкан. Сүрөттүн автору ажайып көрүнүштү терезесинен тартып алган.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Красноярск аймагынын жашоочулары кадимки түндүк жаркырагын тартып алып, аны Instagram баракчасына койгон.

Түндүк региондогу жаратылыштын бул кубулушу Норильск жана Дудинка деп аталган жерлерде тартылган.

Сүрөттүн автору ажайып көрүнүштү терезесинен тартып алгандыгын жана саат 11 экендигин жазган. Бирок ал жерде күндүзгү эмес, таң атып же күн батып келе жаткандай сезим калтырат.

Таймырь районунда да мындай көрүнүш байкалып, аны видеого түшүрүп алышкан. Анда асманда кубулуп жана бир нече түскө боёлгон жарык шооланы көрүүгө болот. Бир карап турганда жомок дүйнөгө түшүп калгандай сезим калтырат.

Ушул сыяктуу сүрөттөрдү Мурманск облусунан, Ханты-Мансийск округунан, Якутскиден да жүктөшкөн.

Россиялыктар түндүк жаркырагын сентябрдан тарта аңдый башташкан. Анда жаратылыштын бул кубулушун Карск деңизинин боюнан жана Сабетта районунун Ямала аймагынан көрүшкөн.