Трамп РФ дипломаттарына виза берилбей калган маселени чечмей болду. Видео

АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө БУУнун Коопсуздук кеңеш өлкөлөрүнүн туруктуу өкүлдөрү менен дасторкон үстүндө жолукту.
Sputnik

Чакырылгандардын арасында Россиянын өкүлү Василий Небензя да болду. Түштө чогуу тамактанган дипломаттар Трамп менен тамашалашууга да үлгүрүштү.

НАТО саммити: Кытай, Россия жана космос
Дасторкон үстүндө олуттуу маселелер көтөрүлүп, негизинен БУУга келчү россиялык делегацияга виза берилбей калышы тууралуу кеп болду. Бул окуя сентябрда, Башкы ассамблеянын 74-сессиясынын алдында болгон. БУУ тиешелүү резолюция кабыл алып, Вашингтонду виза бербей коюу адатын токтотууга чакырганына карабай Трамптын бул тууралуу кабары жок болуп чыкты.

Небензянын айтымында, АКШ президенти бул көйгөйдү чечүүнү убадалаган. Бирок андан канчалык майнап чыгары азырынча белгисиз.