Ноокатта пара алып кармалган аял инспектор үй камагына чыкты

Инспектор укук коргоо органдарына сурак берип жаткан кезде абалы начарлап ооруканага түшкөн. Сот анын баш коргоо чарасын тандоо учурунда жашы жете элек балдары бар экенин эске алды.
Sputnik

ОШ, 6-дек. – Sputnik. Ноокат районунда 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн З.К. аттуу инспектору үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, сот шектүүнүн жашы жете элек эки баласы бар экендигин, балдарын жалгыз тарбиялап жаткандыгын эске алуу менен ушундай чечим чыгарган.

Шектүү буга чейин сурак берип жатканда абалы начарлап, ооруканага түшкөн. Ал кардиология бөлүмүндө дарыланып чыкты.

Эске салсак, 3-декабрда ыкчам-тергөө аракеттеринин алкагында милициянын старшинасы К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча каттоого алынган.