Disney кыргыз жигиттери тартылган "Мулан" тасмасынын жаңы трейлерин чыгарды

Disney компаниясы YouTube каналындагы расмий баракчасына мультфильмдин негизинде тартылган "Мулан" тасмасынын жаңы трейлерин жарыялады.
Sputnik

Фильмде кытайлык Хуа Мулан аттуу боорукер кыздын тагдыры баяндалат.

Сюжет боюнча кытай императору көчмөн гунндардан өлкөнү сактоо үчүн ар бир үйдөн бирден эркекти армияга чакырат. Ардактуу аскердин Мулан аттуу кызы оорулуу атасынын ордуна армияга барууну чечет. Ал өзүн эркек катары тааныштырып жоокерлердин катарына кошулат дагы кооптуу жортуулга чыгат.

Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты
Тасманын режиссеру — Ники Каро. Хуа Муландын ролун Лю Ифэй аткарган. Ал эми императордун ролунда — Жет Ли.

Мультипликациялык тасмага кыргызстандык Эрлан Жанышбек уулу, Мурат Бурханов, Дамир Ашимов жана Нургазы Мамаражап уулу тартылган. Алар бул тасмага Жайдарбек Кунгужинов жетектеген Кыргызстан менен Казакстандын Nomad Stunts каскадерлор тобунун арты менен тартылган. Кунгужинов өзү гунн аскер башчысын ойнойт.

"Мулан" анимациялык тасмасы 1998-жылы чыгып, кинопрокаттан 304 миллион доллар тапкан. Жаңы тасма 2020-жылдын 26-мартында чыгат деп пландалууда.

"Муланга" тартылган кыргызстандык каскадерлордун маегин материалдан окуңуздар.