Өлкө майнинг-фермалар үчүн Казакстандан электр кубатын сатып алат

Кыргызстанда чет элдик 45 майнинг-ферма иштеп, алар өлкөнүн үч облусу сарптай турган көлөмдөгү электр кубатын пайдаланат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Быйылкы жылытуучу сезондо Кыргызстан электр кубатын импорттой тургандыгын Улуттук энергетика холдингинин жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди.

Ал Кыргызстанда чет элдик 45 майнинг-ферма иштеп, айына 100 миллион киловатт-саат электр кубатын колдоноорун билдирген. Салыштырмалуу эсептей келгенде, үч облус — Нарын, Ысык-Көл жана Талас керектеген көлөмгө туура келген. Аларга тыюу салынган. Назаров "кардарлардан баш тартуу аңкоолук" болорун, бирок алар социалдык тариф менен төлөп жаткандыгын айткан.

"Аларга кадыресе баа менен сатууга даярбыз. Бул — 5 цент, тагыраагы, киловаттына 3,3 сом", — деп түшүндүргөн ал.

Айдаралиева: электр энергиянын 40 пайызын Токтогул ГЭСи өндүрөт
Назаров майнерлерге мындай баа менен сатууга өкмөттүн токтому бар экендигин, бирок электр энергиясы Казакстандан алып келинерин белгиледи.

"200 мегаватт алууга алдын ала макулдаштык. Андан сырткары, суунун аздыгынан улам электр кубаты тартыш болуп калат деген тобокелдик бар, ошол учурда импорттолгон продукцияны колдонобуз. 2019-жылы сатып албайбыз, бирок быйылкы жылуулук сезондо алышыбыз мүмкүн", — деген ал.

Назаров Казакстандан алынчу импорттун баасы канчадан болору азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.