ТЭЦ боюнча сот: төрт аткаминер бошотулду

Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун өкүмү чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун өкүмү чыгып, төрт киши ар кандай негиздер менен сот залынан бошотулду.

Өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.

Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча долбоордун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов менен аталган ишкананын директорунун мурдагы биринчи орун басары Жолдошбек Назаров 2,5 жылга соттолду. Бирок тергөө абагында отурган күндөрү эсептелип, сот залынан бошотулду. 

ТЭЦ боюнча сот: төрт аткаминер бошотулду

Мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевдин абалын эске алуу менен жеңилдетилген жаза берилди.

"Артыкбаев мамлекетке 100 миллион сом кайтарып берсин. Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси менен 50 миң эсеп көрсөткүчү (5 миллион сом) боюнча айып салынсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин", — деп айтылды өкүмдө.

Бишкек ТЭЦи боюнча соттун өкүмү чыгып жатат. Онлайн-репортаж. Сүрөт, видео
Ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лавровага 3 миллион сом өлчөмүндө айып салынып, бошотулду.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктаганын билдирген. Натыйжада Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып, TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнү аныкталган.

Бүгүнкү отурумда Сапар ИсаковгоЖантөрө СатыбалдиевгеСалайдин Авазовго, Айбек Калиевге өкүм чыкты.