Айбек Калиев 15 жылга соттолуп, мүлкү конфискацияланат

Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталгандар боюнча Свердлов райондук сотунун өкүмү чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын директору Айбек Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын директору Айбек Калиев Кылмыш-жаза кодексинин 215 жана 59-беренелери боюнча 15 жылга эркинен ажыратылсын. Мүлкү конфискацияланып, Ардак грамотасы, "Даңк" медалы жокко чыгарылсын. Мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебесин. Ошондой эле 2011-жылы чыккан Toyota Land Cruiser Prado 150 үлгүсүндөгү унаасын сатуудан түшкөн 1 627 801 сом мамлекеттин эсебине алынсын", — деп жазылган өкүмдө.

Бишкек ТЭЦи боюнча соттун өкүмү чыгып жатат. Онлайн-репортаж. Сүрөт, видео
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктаганын билдирген. Натыйжада Сапар Исаков башында турган бир катар кызмат адамдары бийлигинен пайдаланып, TBEA компаниясы менен мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген келишим түзгөнү аныкталган.

Бүгүнкү отурумда Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лавровага карата сот чечими кабыл алынды.

Буга чейин сот Сапар Исаковду 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди 7,5 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган.