Суучулдар менен жөө күлүктөр Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүүдө

Суучулдардан Денис Петрашов менен Елизавета Рогожникова машыктыруучу Евгений Петрашовдун кол алдында турнирлерге даярдык көрүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр менен жеңил атлеттер Чолпон-Атада машыгып, мелдештерге даярданууда. Бул тууралуу  Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, спортчулардын машыгуусу 30-ноябрда башталган, эми 18-декабрда жыйынтыкталат.

Жөө күлүк Дарья Маслова Токио Олимпиадасына лицензия алды
Суучулдардан Денис Петрашов менен Елизавета Рогожникова машыктыруучу Евгений Петрашовдун кол алдында турнирлерге даярдык көрүүдө.

Ал эми суучулдар Нурсултан Кеңешбеков, Мусулман Жоламанов, Данияр Арыпбеков, Дастан Өмүрбек уулу, Алмаз Есенжанов жана Айдана Бактыбек кызын Сатыбек Чокаев машыктырууда.

Спортчулардын машыгуусу үчүн спорт агенттигинин бюджетинен жалпысынан 303 миң сом каралган.